КРдеги коронавирус: реанимацияга түшкөн жаран дагы деле ошол жакта
Бөлүшүү:
Коронавирус жуктуруп, реанимацияга түшкөн жаран дагы деле реанимацияда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдун саламаттыгын сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Аталган бейтап 23-мартта реанимацияга түшкөн. Ал 1949-жылы туулган эркек киши экени маалымдалган.
Ал ошондой эле, саат 18:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 42 кишиге жукканы тастыкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/krdegi-koronavirus-reanimaciyaga-tshkn-zharan-dagy-dele-oshol-zhakta
Добавить комментарий ×