КРдеги коронавирус: бейтаптар учуп келген каттамдагы башка жүргүнчүлөр дагы аныкталууда

18 март 2020 09:50 1395 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус табылган жарандардын жаш курагы 70 жаш, 62 жаш жана 46 жаштагы кишилер.

Министр андан сырткары коронавирус табылган үч жарандын бардыгы Сауд Аравиядан кичи ажылыкка барып 12-мартта келишкен.

“Кыргызстандыктар учуп келген каттамда жалпысынан 135 жүргүнчү болгон. Учурда алардын 90нун таап, изоляцияга алдык”, — деди министр.

Учурда оору табылган жарандар кайда барып, кимдер менен жолукканын тактап, иликтеп жатабыз.

Андан сырткары биз буга чейин башка мамлекеттерде колдонулган бардык ыкмаларды колдонобуз. Өзгөчө Кытайдагы коронавирустун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдөгү тажрыйбаларды өзүбүздүн шартка ылайыктайбыз.

Ссылка: https://barometr.kg/krdegi-koronavirus-bejtaptar-uchup-kelgen-kattamdagy-bashka-zhrgnchlr-dagy-anyktaluuda



Добавить комментарий