КР ӨКМ: “Суучулдар бекер иш алып барышат. WhatsАpp аркылуу жалган маалымат тараткан адам изделүүдө"

28 июль 2018 02:25 2186 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

“WhatsАpp”мессенджери аркылуу «Ыссык Көлгө водалаздар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт.Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар» деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт"-деп билдиришти КР ӨКМдин басма сөз кызматынан. 

КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы  издөө иштерин бекер иш алып барышат, жана республикабыздын аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 – жаш бала.

ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жасалууда.  Себеп дегенде мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kr-km-suuchuldar-beker-ish-alyp-baryshat-whatsapp-arkyluu-zhalgan-maalymat-taratkan-adam-izdeld



Добавить комментарий