Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар (сүрөт)

19 август 2020 14:49 652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

 сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

 тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

сууга мас абалында түшпөңүз;

 суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

 2020-жылдын 19-августуна карата, сууда ар кандай себептер менен  65 адам өлүмү катталган ( 46 киши – жай мезгилинде) анын ичинен 33 эркек, 6 аял, 15 бала жана 11 өспүрүм. Ушул эле мезгилде 2019-жылдын 19-августунда республика боюнча сууга 129 адам чөгүп кеткен (102 киши жай мезгилинде) , салыштырмалуу 2020-жылы суудагы кырсык эки эсе аз.

Учурда Аламүдүн дарыясында (Чүй облусу) жана Чу дарыясында  (Нарын облусу) издөө иштери улантылууда. Куткаруучулар суунун  тез агымына жана чоң көлөмүнө карабастан,  эртең менен кечке чейин издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен суудагы кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлдү.


Ссылка: https://barometr.kg/kr-km-eskertet-suu-shalaakylykty-kechirbejt-srt



Добавить комментарий