КР ИИМдин Россиядагы өкүлү ал жактагы мекендештерди дүрбөбөөгө чакырды

7 май 2020 12:11 1716 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев ал жактагы кыргызстандык мигранттарга кайрылып, жөнү жок дүрбөп, бизге жардам бербей жатат деп элчиликтин эшигин тепкилебей, барын туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Ал өз кайрылуусун социалдык баракчасына жайгаштырды.

"Урматтуу Россиядагы жердештер! COVID-19 оорусу башталып, карантин болгонуна бир айдан ашып калды. Мына эртең кырдаал жакшы болуп кетер деген үмүт менен олтурабыз. Бул илдет дүйнө жүзүн чөгөлөтүп койгону баарыбызга белгилүү болуп калды. Айтайын дегеним жалгыз биздин элдин башына келген кыйынчылык эмес, Россияда бейрасмий маалыматтарга караганда 1 миллионго жакын кыргыз, 1 миллиондон ашык тажик, 3 миллионго жакын өзбек мигранттар бар деп жүрөбүз. Өзбек туугандар карантин башталганда 30 миллиондон ашык калкыбыздын, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн деп чек арасын чымчык учуп кирбегендей жаап Россиядагы эмгек мигранттарын алып кетпей тургандыгы жөнүндө расмий билдирүү кылган. Андан соң Россия мамлекети дагы аба майданын токтотуп, учактар учпай калды. Бүгүнкү күндө жалпы эмгек мигранттары үчүн чоор жагдай түзүлгөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Коңшу өлкөлөрдүн эмгек мигранттары элчиликтеринин эшиктерин тепкилеп, бийлигин ар кандай сөздөр менен сөгүп, алып кеткиле дегенин көрбөйсүң...

Кыргыз Элчилигинде Ыкчам штаб түзүлүп, кыргыз диаспорасынын лидер, активистери, ак жүрөк патриоттору менен биргеликте кыйналган мекендештерге ар тараптуу жардамдар көргөзүлүүдө. Беш кол тең эмес дегендей, ал бетте бул кыйын кырдаалды туура түшүнгөнү бар, туура эмес түшүнгөнү бар, оору жок бул жөн гана саясат дегени бар. Ар кандай жалган маалымат таркатып чек ара ачылыптыр деп элди дүрбөтүп тизме түзгөндөр да жок эмес. Мына кечээ Россия - Казакстан чек арасында көптөн бери турган мекендештерди кыргыз-казак өкмөтү сүйлөшүп, 500дөн ашык адамды медиктердин, полициянын коштоосунда коридор кылып алып кетишти. Аны уккан жердештер айтканды укпай дүрбөп, топтошуп автобус жалдап чек арага бара жатышат. Эми ал жакка барып алып дагы канча күн кыйналып талаада жатышат белгисиз. 

Эртеңден баштап мына бийлик карабай койду, талаада жатабыз деген видео кайрылууларды көрө баштайбыз. Мекенге кетебиз деген жүз миңдеген боордоштор бар, анын баары эле ушундай ээн баштык кылып мамлекетти жарга такап, алып кеткиле деп бара берсе бизде карантин бүтпөйт, бул жаман аты бар душманды жеңе албайбыз. Карантиндин ар бир күнү миллиондогон чыгашаларга алып келип жатат. Канчалаган салык төлөгөн ишканалар токтоп, эл жумушсуз олтурат. Ансыз да кыйналып турган мамлекетибиз такыр эле чөгөлөп туралбай калат го. Азыр көпчүлүк адамдар симптому жок ооруп, орусча айтканда переносчик болуп жүрөт. Үйүнө барганда тууган, кошуна, жакындарына жугуза берсе, оору токтобой эртен мамлекетибиздин келечеги кандай болот?! 

Мына Казакстан малекети илдет менен күрөшүүгө 6 триллион теңге сарпташыптыр, дагы белгисиз канча сарыпталат. Ошондуктан эртереек ушул илдетти жеңип, кайра жакшы жашоого кайталы десек, болуп жаткан кырдаалды туура түшүнүп тааныш, жердеш, тууган-туушкандарыңарга түшүндүрүп жеткирип коюңуздарга терең ишенебиз, БИР ТУУГАН БООРДОШТОР. Сабырдын түбү сары алтын, буюрса аз калды жакшы күндөргө. Мамлекетибиздин жаркын келечеги баардыгыбызга керек!" - деди Алиев.

Эске салсак, Россиянын ири шаарларында Кыргызстанга кете албай жаткан мекендештердин саны көп. Алар аба каттамдары токтоп, чек аралар жабылгандыктан Кыргызстанга келе албай калышкан. Учурда аларга Россиядагы элчилик, диаспоранын өкүлдөрү жана кайрымдуулук уюмдары жардам берүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-iimdin-rossiyadagy-kl-al-zhaktagy-mekendeshterdi-drbbg-chakyrdy



Добавить комментарий