БШК шайлоочуларды идентификациялоо тартибинин нускамасын бекитти
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Токтом шайлоочулардын добуш берүүдө, ошондой эле шайлоочулар ката же так эместикти тапканда же болбосо шайлоо дарегин алмаштырганда арыз берген учурда биометрикалык идентификациядан өтүүсүн караган “президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 15-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүн, 31-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүн, 33-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосу шайлоочулардын өздүгүн уникалдуу биометрикалык маалыматтар – тиешелүү база ресурсунда камтылган колдун манжаларынын жана бет түзүлүшүнүн папиллярдык чийиндери боюнча ырастоону карайт.
Нускама шайлоочулар шайлоо комиссияларына арыз берген учурда жана добуш берүүдө идентификация жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/kr-bshk-shajloochulardy-identifikaciyaloo-tartibi-zhnnd-nuskamany-bekitti
Добавить комментарий ×