Көпүрөгө кыпчылып калган баланы арматураны кесип алып чыгышты
Бишкектеги Түштүк магистраль жактагы көпүрөдөгү цементтин астына кыпчылып калган өспүрүм баланы аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 23-февраль күнү Бишкектеги 12 кичирайонундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөдөгү цементке кыпчылып чыга албай жаткан бала тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, арматруаны кесип, баланын кыпчылып калган бутун алып чыгышкан.
Өспүрүм 13 жашта болгон. Абалы жакшы.
Ссылка: https://barometr.kg/kprg-kypchylyp-kalgan-balany-armaturany-kesip-alyp-chygyshty
Добавить комментарий ×