Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү

14 октябрь 2020 12:01 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 14-октябрда депутаттардын кезексиз жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Жыйында  депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүп,  аны бир добуштан колдошту.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлоо боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кайра кароого жиберген.


Ссылка: https://barometr.kg/kpchlk-koaliciya-kmt-bashchylykka-sadyr-zhaparovdun-talapkerligin-krstt



Добавить комментарий