Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү
Поделиться в:
Бүгүн, 14-октябрда депутаттардын кезексиз жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Жыйында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.
Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүп, аны бир добуштан колдошту.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлоо боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кайра кароого жиберген.
Ссылка: https://barometr.kg/kpchlk-koaliciya-kmt-bashchylykka-sadyr-zhaparovdun-talapkerligin-krstt
Добавить комментарий ×