Көп балалуу аял алты жаш кичүү күйөөсүн зордуктады деп эки жолу абакка кестирди

6 апрель 2019 17:28 17168 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германиядагы Генссен аймагынын жергиликтүү тургуну 50 жаштагы Aндpeac Бeмaннды жубайы ойдон чыгарылган жалаа менен күйөөсүн ага зомбулук көрсөттү деп сотко берген. Бирок акыркы соңу күнөөсү жок эркек алты жыл абакта отургандан кийин акталып чыкты. Бул тууралуу germania.one. басылмасы кабарлады.

2006-жылы 21-ноябрда 56 жаштагы Регина ортодо сегиз балалуу болушканына карабай жолдошу Aндpeac ага зомбулук кылды деп арыз берген. Aндpea cотто бул эки тараптуу  мамиле болгонун атып канча какшаса да болбой сот аны 2 жыл 11 айга абакка кескен. Кийин белгилүү болгондой тергөөчүлөр ага кысым көрсөтүп бул ишти мойнуна алдырткан экен.

Экинчи ирет аялы түрмөгө жолугушууга келе калып дагы сексуалдык ыдык көрсөттү деп айыптап чыккан. Мындан кийин аны экинчи ирет соттошуп, 4 жыл 3 айга кесишкен. Баардыгы болуп эркек өз аялына кылган кылыгы үчүн 7 жыл 2 ай эркинен ажыратылган.

Aндpeac Бeмaнн 6 жыл 6 ай абакта отурду. Көрсө аялы ага жалган жалаа жапкан экен. Мындан тышкары ал жолдошунун бир тууганы менен жакын мамиледе экени ачыкталды. 

Жакында сот Aндpeacты актап чыкты. Ал аялынан 33 миң евро моралдык компенсация алды жана ажырашты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kp-balaluu-ayal-alty-zhash-kich-kjsn-zorduktady-dep-eki-zholu-abakka-kestirdi



Добавить комментарий