Ковидге каршы вакцинацияда Европа, Америка алдыда, Африка, Кыргызстан жана Тажикстан артта

23 июнь 2021 16:21 8748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оксфорд университетинин Our World in Data долбоору жарыялаган соңку маалыматка ылайык, дүйнө боюнча ковидге каршы вакцинацияда өнүккөн жана калкынын көпчүлүк катмары жогорку билимдүү өлкөлөр эң жогорку көрсөткүчтөр менен алдыда келе жатат. Ал эми жакыр өлкөлөр, анын ичинде Африка өлкөлөрү, ошондой эле  Борбор Азиядан Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерде вакцинация алгандардын саны өтө төмөн.

Калк санынын 50%дан ашыгын вакцинациядан өткөрүүгө күчү жеткен өлкөлөрдүн катарында АКШ -  319 миллион киши,  Улуу Британия – 75 млн, Германия - 68 млн, Израиль – 10 млн, Кытай – 1,07 млрд көрсөткүч менен алдыда келе жатат.

Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Замбия, Намибия, Сирия, Мали, Сомали, Сьерра-Леоне, Чад сыяктуу жакыр өлкөлөрдөн алынган. Мисалы, Чадда буга чейин 5324 киши гана ковидге каршы вакцинациядан өткөн. Ушул эле катарда КМШ өлкөлөрү же Борбор Азиядан Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу экономикасы чабал мамлекеттерде дагы вакцинация төмөнкү деңгээлде жүрүүдө.

Our World in Data долбоорунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда вакцинация 2021-жылдын 29-мартында башталып, 2021-жылдын 9-июнунда алынган маалыматка ылайык болгону 135 578 киши эмдөөдөн өткөн, башкача айтканда ковидге каршы вакцинанын бир дозасын алган. Ал эми эки дозаны тең алып, толук эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 47 400 киши деп көрсөтүлүүдө. (Кыргызстандагы ЖМКлар жарыялаган маалыматтар боюнча толук вакцинация көрсөткүчү 90 миң кишинин тегерегинде).   Коңшу Тажикстанда вакцинация абалы мындан да жаман, бир доза алгандар болгону 102 711 кишини түзөт. Ал эми Казакстан - 4 345 853 (бир доза), Өзбекстан – 2 695 058 (бир доза) жаранын вакцинациядан өткөргөн.

The Lancet илимий журналы жарыялаган соңку иликтөөлөрдө дүйнө боюнча 2021-жылдан 31-августка чейин пандемиядан канча адам көз жумушу ыктымалдыгын жарыялаган. Бул иликтөөдө да калк ичинде вакцинация солгун жүргүзүлгөн жакыр өлкөлөрдө, Африка өлкөлөрүндө жана Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө  божомолдор начар. Мисалы, анда Кыргызстанда ар бир 100 миң адамдан өлүм-житим 256дан 512 кишиге чейин жетиши ыктамал деп эскертилген.

Макала Our World in Data  долбооруна же https://ourworldindata.org/covid-vaccinations сайтындагы иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянып жазылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kovidge-karshy-vakcinaciyada-evropa-amerika-aldyda-afrika-kyrgyzstan-zhana-tazhikstan-artta



Добавить комментарий