Коронавирустун Кыргызстандын аймактарында жайылышы кандай? Толук тизме

2 апрель 2020 09:45 1599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус илдети тастыкталгандардын саны 116 кишиге жетти. Алардын 63ү аялдар, 53ү эркектер. Бир сутканын ичинде жаңы 5 учур аныкталган. Алардын экөө чет жактан келгендерден табылса, үч киши Кыргызстандан жуктурган. Беш киши реанимацияга түшүп, эки кишинин абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Эгер коронавирустун аймактарга тарашын карай турган болсок, абал төмөндөгүдөй:

Жалал-Абад облусунда жалпы – 54. Алардын ичинен:

Сузак району – 48;

Ала-Бука району – 3;

Аксы району – 1;

Жалал-Абад шаары – 1;

Кара-Көл шаары - 1.

Ош облусунда жалпы 30 учур. Алардын ичинен:

Өзгөн району – 1;

Кара-Суу району – 8;

Ноокат району – 19.

Чүй облусунда жалпы 5 учур. Анын ичинен:

Москва району – 1;

Аламүдүн району – 2;

Сокулук району – 1;

Кант шаарынан – 1.

Ысык-Көл облусунда жалпы эки учур катталган.

Түп району – 2.

Баткен облусунда 3 учур. Анын ичинен:

Баткен району – 1;

Кызыл-Кыя шаары – 2.

Нарын облусунда 4 учур катталган.

Нарын шаары – 4.

Ош шаарында – 10.

Бишкек шаарында – 8.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-kyrgyzstandyn-ajmaktarynda-zhajylyshy-kandaj-toluk-tizme



Добавить комментарий