Коронавирусту 2 саатта аныктай турчу тест жасалды

16 май 2020 09:41 502 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирусту аныктоо ыктымалдуулугу 98 пайызды түзөт.

Аргентинанын окумуштуулары коронавирусту эки саатта эле аныктай турчу тест жасашты. Бул тууралуу аталган мамлекеттин өкмөтү билдирди.

Маалыматка ылайык, NEOKIT-CoViD-19 деп аталган тест коронавирусту аныктоодо оор жабдууларды талап кылбайт.

Аргентинанын саламаттык сактоо министри Хинес Гонсалес Гарсия тест коронавирусту 98 пайызга чейин так аныктай ала турганын айтты. Ошондой эле, тесттин баасы ПЦР анализдерине караганда бир кыйла арзан. Жакын арада тесттер чет мамлекеттерге дагы сатыла баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustu-2-saatta-anyktaj-turchu-test-zhasaldy



Добавить комментарий