Коронавирустан жети миңден ашык киши каза болду
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан 7 085 киши каза болду. Ошол эле маалда оору 174 534 кишиге жукканы расмий ырасталды. Андан сырткары 79 113 киши оорудан сакайганы айтылуудаю. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
Ал ортодо каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Өзгөчө Италияда абал абдан курч. Европа мамлекеттеринин ичинен оорудан каза болгондор жана анын жайылышы тездик менен жүрүүдө. Соңку маалыматтарга таянсак, ушул тапта Италияда оору 24 747 кишиге жугуп, 2 158 киши каза болду.
Каза болгондордун саны боюнча Кытай (3 226) алдыда, андан кийин Италия (2 158), Иран (853), Франция (148) турат.
Белгилей кетсек, пневмания дартын козгой турчу коронавирус былтыр декабрдын аягында Кытайда табылган. Ал алгач эпидемия катары кабылданып, кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемияга айланганын жарыялаган. Учурда коронавирус 100дөн ашык мамлекетте табылды.
Ал ортодо эксперттер Европада коронавирустан каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын айтышууда. Себеби, коронавирустун толкуну Европада жаңы гана башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-zheti-miden-ashyk-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×