Коронавирустан жабыркаган өпкө кандай болуп калат? Видео
Бөлүшүү:
Жорж Вашингтон университетинин ооруканасынын адистери коронавирус адамдын өпкөсүн кантип жабырката турганын көрсөткөн видеону чыгарышты.
3D моделди тартуу үчүн 59 жаштагы эркек бейтаптын өпкөсүнүн рентгени колдонулган. Анын оорусу өтүшүп кеткендиктен өпкөнүжасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.
Дарыгерлер өпкөнүн мынчалык деңгээлде жабыркашын көрүп, илдети өтүшүп кеткен бейтаптардын айыгып кетүү ыктымалдуулугу аябай эле төмөн экенин айтышууда.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 44 кишиге жукканы тастыкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-zhabyrkagan-pk-kandaj-bolup-kalat-video
Добавить комментарий ×