Коронавирустан улам жумушу солгундап калган сойкулар президенттен жардам сурашты

7 апрель 2020 13:18 2611 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Францияда сойкулардын коргогон ассоциация коронавирустан улам жумушу жүрбөй жаткан сойкуларга жардам берүү үчүн президент Эммануэль Макронго кайрылышты.

Le Parisien порталынын жазышынча, алар мамлекет башчысынан карантин шартында иштей албай жаткандарды коргоо үчүн жана секс-индустриясындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын фонд түзүүнү суранышууда.

Францияда сойкулук менен алектенгендердин бир бөлүгү өзүн-өзү жумуш менен камсыздагандардын категориясына кирет. Андыктан алар мамлекеттен бериле турчу жардамдардан пайдалана алышпайт.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-zhumushu-solgundap-kalgan-sojkular-prezidentten-zhardam-surashty



Добавить комментарий