Коронавирустан улам миллиарддаган киши жумушсуз калышы мүмкүн. Алар кимдер?

9 апрель 2020 09:28 1896 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустун жайылып жатышынан улам дүйнөдө миллиарддан ашык киши жумушсуз калышы ыктымал.

Эмгек боюнча эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, миллиарддан ашык киши жумушсуз калуу коркунучунда. Негизинен ал мейманкана, коомдук тамактануу, соода-сатык тармагында иштегендер.

“Бул жаатта иштегендер негизинен жумушунан кыскарып, же айлыгы кыскарып, айрымдары жумуштан кетүүгө аргасыз болууда”, — деп айтылат маалыматта.

Бир нече мамлекеттердин өкмөттөрү компаниялардын ишин жөнгө салып, кызматкерлерге бир аз болсо да жеңилдик кылуу үчүн миллиарддаган долларды бөлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-milliarddagan-kishi-zhumushsuz-kalyshy-mmkn-alar-kimder



Добавить комментарий