Коронавирустан улам Кыргызстанда ири спорттук иш-чаралар болбой калды
Жаштардын ири спорттук иш-чарасын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, мындай чечим коронавирустун жайылуусун жана анын алдын алуу максатында кабыл алынган.
“Мындай чечим мамлекеттик агенттиктин облустардагы башкармалыктарынын жетекчилерине берилген”, — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар пландалган спорттук иш-чаралардын календары да кырдаалга жараша түзөтүлүп турат.
Эске салсак, буга чейин Чолпон-Атада өтө турган ат ондары менен көк бөрү белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Дагы бир спорттук иш-ара – алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты дагы кийинкиге калтырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-kyrgyzstanda-iri-sporttuk-ish-chara-bolboj-kaldy
Добавить комментарий ×