Коронавирустан улам кыргыз өкмөтү дем алышы жок иштейт

16 март 2020 11:23 735 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустан улам кыргыз өкмөтү дем алышы жок, күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйында билдирди.

“Өкмөт дем алышы жок каатчылык менен күрөшүү боюнча иштейт. Мамлекеттик органдардын жетекчилери, орун басарлары, облус жана район жетекилери ушундай иштейт. Күн-түн дебей элбиздин суроолоруна жооп берүүгө даяр болобуз”, — деди Абылгазиев.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуккан учурлар катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-kyrgyz-kmt-dem-alyshy-zhok-ishtejt



Добавить комментарий