Коронавирустан каза болгон эки бейтап: окуянын чоо-жайы

15 май 2020 10:58 1029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки киши каза болуп, жалпы о дүйнө салгандар 14 кишиге жетти.

Республикалык штаб 14- каза болгон 84 жаштагы кемпир жана 15-майда үзүлгөн 55 жаштагы эркек киши боюнча кеңири маалымат таратты.

Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 55 жаштагы бейтап эркекке эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

Экинчи каза болгон бейтап Нарын облусунда 84 жаштагы кемпир. Ага пневмония, дем алуунун III даражажагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду.

Дарылоо аракеттерине карабастан, каза болгон.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 84 жаштагы кемпир каза болгон күнү эле жерге берилгенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgon-eki-bejtap-okuyanyn-choo-zhajy



Добавить комментарий