Коронавирустан каза болгон бейтаптардын өнөкөт оорулары болгон
Бир сутки ичинде COVID-19 вирусунан каза болгон 3 бейтап тууралуу маалыматты Республикалык штабдан билдирди.
Алар:
1. 1961-ж. туулган эркек бейтап, дарыгер-фтизиатр. Кесибине байланыштуу пневмония менен жаткан бейтаптарды кабыл алып жаткан. Анда COVID-19 вирусу тастыкталып, оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон. Ош облустук ооруканасында дарыланууга жаткырылган.
2. 1965–ж. туулган эркек бейтап, жүк ташуучу унаанын айдоочусу. 27-майдан бери Ош облустук ооруканасында оор абалда жаткан.
3. Нарын облусунун 1936-ж.туулган эркек жараны. 21-майда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.
Аталган үч жаранда тең коронавирустун айынан кошумча өнөкөт оорулары күчөп кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgon-bejtaptardyn-nkt-oorulary-bolgon
Добавить комментарий ×