Коронавирустан айыккан 71 киши ооруканадан чыкты

14 апрель 2020 10:47 1200 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 71 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - деди Үсөнбаев.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 430 кишиге жукканы ырасталып, оорудан беш киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ajykkan-71-kishi-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий