Коронавируска каршы вакцина Россиялыктарга 11-июндан тарта жеткиликтүү болот

6 июнь 2020 11:23 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты билдирди.

Ал коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы препарат болгону менен, дүйнөдө экинчи болуп катталган дары.

" 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына алынып келине баштайт. Россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп билдирди Дмитриев.

Мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганы менен, суроо-талап жаралуусунун негизинде анын санын 2 миллионго чейин жеткирүү пландалууда.



Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karshy-vakcina-rossiyalyktarga-11-iyundan-tarta-zhetkilikt-bolot



Добавить комментарий