Коронавируска каршы "Ронаприв" жана "Регкирон" деген эки дарыга уруксат берилет

13 ноябрь 2021 14:44 1632 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Европанын дары каражаттары боюнча агенттиги (EMA) коронавирусту дарылаш үчүн дагы "Ронаприв" жана "Регкирон" деген эки дарыга сертификат берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктин сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.

Адамдар үчүн дары каражаттары боюнча комитет (CHMP) да бул эки дарыны сунуштаган.

CHMP бул препараттарды алган бейтаптар ооруканага жатпай эле дарыланары жана каза болуу көрсөткүчү абдан төмөн экенин баалаган жыйынтык чыгарды.

"Ронаприв" чоңдорго жана 12 жаштан жогору балдарга, "Регкирон" чоңдорго сунушталмакчы.

Европа биримдиги үчүн бул препараттарга сертифкация берүүнү EMA агенттиги жакында чече турганы күтүлүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karshy-ronapriv-zhana-regkiron-degen-eki-daryga-uruksat-berilet



Добавить комментарий