Бюджеттеги 148, 4 млн доллар экономиканы калыбына келтирүүгө жумшалат

13 июль 2020 12:41 484 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык бюджетке түшкөн 170, 8 млн доллардын 148, 4 млн  доллары экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн келген финансылык каражаттардын пайдаланышы боюнча маалымат берилди. 

Бюджетти колдоо жана коронавирустун  жайылышын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин 170,8 млн доллар өлчөмүндөгү каражатына төмөнкүлөр каржыланды, анын ичинде: 

  • 89,1 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерине, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалды;
  • 6,2 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерин, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрүнө багытталды;    
  • 26,3 млн АКШ доллары пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды; 
  • 22,3 млн АКШ доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медициналык мекемелерди камсыздандырууга багытталды;
  • 2,0 млн АКШ доллары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого жумшалды; 
  • 14,5 млн АКШ доллары калктын аз камсыз болгон катмарынын жөлөкпулуна кетти;  
  • 1,3 млн АКШ доллары медициналык товарларды жана тейлөө кызматтарын сатып алууга багытталган;
  • 3,0 млн АКШ доллары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запасты толтуруу максатында дан эгин сатып алууга жумшалган;
  • 1,3 млн АКШ доллары  COVID-19га каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор жашоо шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга багытталган.

Каражаттардын калган суммасы 148, 4 млн  долларын экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоо пландалууда. 

Мындан тышкары коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында өкмөт тарабынан өнүктүрүү боюнча эл аралык донорлордон жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык жана техникалык жардам тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 13-июлга  карата бул иштердин алкагында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 17, 7 млн  доллар суммасында жардам көрсөтүү маселеси иштелүүдө, анын ичинен 7,9 млн АКШ долларына медициналык жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, жабдуулар, керектелүүчү материалдар жана азык-түлүк алынган. 

Бул 17, 7 млн доллардын 13, 1 млн доллары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, чет өлкөлөргө – 4,6 млн доллар туура келет.

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karshy-krsh-chn-nktshtrdn-kelgen-finansylyk-karazhattardyn-pajdalanyshy-boyuncha



Добавить комментарий