Коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин кандай тамактануу керек?

29 октябрь 2021 17:41 3180 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси, дарыгер-нутрициолог Марина Дуйшенкулова COVID-19га каршы вакцинага алганга чейин жана андан кийин кандай тамактануу керектигин брифинг маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, фасфуд, таттуу тамактар, аябай туздуу тамактарды жегенди токтотуу кажет.

“Адам ашыкча салмак менен жабыркайбы же арыкчырай дене түзүлүшүнө ээби баары бир ушуну карманышы керек. Ашыкча салмак учурунда жана аны пайда кылган туура эмес тамактанууда иммуниттет алсыз болот, айрыкча вакцина алганда антитело иштеп чыга турган анын бөлүгү алсыз болот. Ошондуктан эмдөө алганга чейин жана андан кийин үч-төрт күн фасфуддан, газдалган таттуу суусундуктардан жана консервант кошулмалары көп азыктардан алыс болуу кажет. Анткени алардын көбү иммунитетти төмөндөтөт”,-деп айтты дарыгер.

Ошондой эле дарыгер убактылуу таттуу азыктардан алыс болууну дагы сунуштады. Мындан тышкары алкоголь, чылым чегүү дагы туура эмес таасирин тийгизет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karshy-emd-algandan-kijin-kandaj-tamaktanuu-kerek



Добавить комментарий