Коронавируска кабылгандардын эң көбү Ош облусунда. Калган аймактардагы абал кандай?
14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын саны 430 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 11 жаңы учур аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал ошондой эле, вирустан 5 киши каза болгонун айтты.
Анын берген маалыматына ылайык, вирус жуктургандардын эң көбү Ош облусунда катталды. 14-апрелге карата Ош облусунда 128 кишиден коронавирус табылган. Калган аймактардагы абал төмөндөгүдөй:
Жалал-Абад облусунда – 93
Бишкек ш. – 77
Ош ш. – 59
Нарын облусунда – 34
Чүй облусунда – 28
Ысык-Көл облусунда – 6
Баткен облусунда – 5.
Коронавирус жуккандардын 230у аялдар, 200ү эркектер.
Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-kabylgandardyn-e-kb-osh-oblusunda-kalgan-ajmaktardagy-abal-kandaj
Добавить комментарий ×