Коронавируска кабылган орус премьеринин абалы кандай?

5 май 2020 13:48 1725 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын премьери Михаил Мишустин мамлекеттик ооруканалардын биринде дарылануусун улантып жатат.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Борис Беляковдун айтымында, Мишустин өкмөт мүчөлөрү менен телефондон кабарлашып, бардык иштерден кабар алууда. Беляков ошондой эле, Мишустиндин абалы жалпысынан алганда канааттандырарлык экенин кошумчалады.

“Премьерге дарыгерлер керектүү бардык медициналык жардамды көрсөтүп жатат. Аны менен катар Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө колдонуу үчүн сунушталган дары-дармектерди ичип жатат”, — деди маалымат катчы.

Орус премьери 30-апрелде Владимир Путин менен сүйлөшүп жатып, коронавируска карата тапшырган анализинин оорунун белгилери табылганын билдирген. Ал ошондон бери изоляцияга алынып, дарыланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-kabylgan-orus-premerinin-abaly-kandaj



Добавить комментарий