Коронавирус жуккандардын саны боюнча Бишкек шаары 2-орунга чыкты. Башка аймактарда абал кандай?
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 489 кишиге СOVID-19 инфекциясы жукканы тастыкталды. Бир суткада 23 кишиден коронавирус табылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жалпы катталган 489 учурдун аймактардагы көрсөткүчтөрү:
Ош облусу – 135
Бишкек ш. – 102
Жалал-Абад облусу – 93
Ош ш. – 73
Нарын облусу – 45
Чүй облусунда – 28
Ысык-Көл облусунда – 8.
Баткен облусунда – 5
Булардын ичинде Стационарда 370 киши жатса, реанимацияда 4 бар. Оорудан айыгып, 114 киши үйүнө чыгарылды. Ал эми илдет 5 кишинин өмүрүн алды.
Добавить комментарий ×