Коронавирус жуккан дарыгерлердин саны 200гө жетти
Бөлүшүү:
Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны бир суткада эки кишиге жугуп, жалпысынан 200 кишиге жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата 122 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкканын кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавиурс 769 кишиге жугуп, 527 оорудан айыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-darygerlerdin-sany-200g-zhetti
Добавить комментарий ×