Коронавирус жуккан 42 жаңы учур кайсы аймактардан катталды? Тизме
Бөлүшүү:
8-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, жаӊы катталган учурлар төмөнкү аймактарда табылган:
Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 24
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 5
Ошентип Кыргызстанда коронавирус тастыкталгандардын саны 270ке жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-42-zhay-uchur-kajsy-ajmaktardan-kattaldy-tizme
Добавить комментарий ×