Коронавирус: жаңы катталган 26 учур жарандарга кандай шартта жукканы айтылды
Бүгүн, 24-мартта Саламаттык сактоо министрлиги жаңы 26 учур аныкталганын билдирген. Учурда оору жуккандардын саны 42 кишиге жетти.
Өкмөттөн кабарлашкандай катталган 26 жаӊы учурдун ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор.
Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри онлайн режиминде Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.
Жыйында облустардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маселелер жана коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынган комплекстүү чаралар талкууланды. Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда.
Кубатбек Боронов Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлганын белгиледи. Жарлыкка ылайык, өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан эртең мененки 08.00дон тарта 2020-жылдын 15-апрель 08.00го чейин киргизилди. Мындай абал киргизилген шаарлардын жана райондордун аймагында комендатуралар түзүлдү.
Ал өзгөчө абал учурунда бардык азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, супермаркеттер, тамак-аш сатуучу базарлар, дарыканалар, медициналык мекемелер, коммерциялык банктар адаттагыдай жана жарандар үчүн ыңгайлуу болгон режимде иштерин эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhay-kattalgan-26-uchur-zharandarga-kandaj-shartta-zhukkany-ajtyldy
Добавить комментарий ×