Коронавирус тууралуу Жалал-Абадда ушак тараткан таксистке кылмыш иши козголду

22 март 2020 17:12 1747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 21-март күнү «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад областынын аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экендигин жарыялаган. 

Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык беткап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен жумуш ордуларын таштап кетип жатышкандыгын, Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээрин билдирген. 

Ошондой эле бул үн жазууну «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу группаларга жайылтууну жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүүнү белгилеген. Ал мунун себеби катары Жалал-Абад областында коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында кечиктирилгис чаралар көрүлүп, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында аталган үн жазууну жаздырып, таратып жиберген атуул Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-ж.т. Ш.К. экендиги аныкталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ШИИБне өткөрүлүп берилген.

Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жарандарга жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болуу керектигин эскертебиз.



Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-tuuraluu-zhalal-abadda-zhalgan-bildir-taratkan-adamga-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий