Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 миллион сомдон ашык каражат түштү

26 март 2020 11:54 941 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирусга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, администрацияланган эсептин реквизиттери, мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери КР Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган.

26-март, саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-krsh-chn-achylgan-esepke-35-million-somdon-ashyk-karazhat-tsht



Добавить комментарий