Коронавирус Кытайга караганда Европадан келиши көбүрөөк кооптондурат

18 март 2020 16:42 584 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча абал Кыргызстанда туруктуу экенин маалымат жыйында айтты.

Ал өз сөзүндө жалпы абал дүйнө жүзүндө кооптуу экенин белгилеп, бирок, Кыргызстанда абал туруктуу, андыктан паникага алдырууга негиз жок экенин кошумчалады.

“Кытайтда тез түрдө басаңдап баратат. Алар өтө катуу чараларды көрдү. Кытайдан келиши ыктымал деген кооптонуу азыр аз, Бирок Европа мамлекетиринен болгон кооптонуу көп”, — деди ал.

Исаков андан сырткары коронавирус оорусун дарылоо жолдору учурда толук изилденип бүтө электигинен улам дүйнөдө кооптонуу болуп жатканын айтты. Эгер аны дарылоо жолдору такталган болсо мынчалык көңүл буруу, кооптонуу болбой турганын билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kytajga-karaganda-evropadan-kelishi-kbrk-kooptondurat



Добавить комментарий