Коронавирус: Кыргызстанда обсервацияга 410 киши алынган
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев учурда Кыргызстан боюнча 410 киши 14 күнгө обсервацияга алынганын айтып, обсервация жайларында 2290 орун даярдалганын маалымат жыйында айтты.
Министр бул жарандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын айтты.
Чолпонбаев маалымат жыйыны учурунда Ноокат районунун үч жашоочусунан дагы коронавирус табылганын билдирди.
Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны алты кишиге жетти. Буга чейин Сузак районунун үч тургунунан табылган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstanda-observaciyaga-410-kishi-alyngan
Добавить комментарий ×