Коронавирус илдети жуккан медкызматкерлердин саны 226га жетти
Бөлүшүү:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек ш. – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдети 226 медкызматкерге жугуп, алардын 163 айыгып, ооруканадан чыкты.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча 8-майга карата 906 кишиге коронавирус жукканы аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-zhukkan-medkyzmatkerlerdin-sany-226ga-zhetti
Добавить комментарий ×