Акматова: "Коронавирус жукса өз алдынча дарыланууга болбойт"

9 июль 2020 12:30 1356 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдети жугуп калса, өз алдынча дарыланууга болбойт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Коронавируска кабылгандарда тамака болгон табит жоголот. Ага карабастан суюктукту көп ичип, тамак аш, жер-жемиш, жашылчадан жасалган салаттар менен тамактануу керек.

Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүүсү абзел.

“Дене табы 37,5 - 38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар. Дарыгерлердин жазып берген гана рецепттери менен дарыланууга чакырам. Эч качан үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, "Дексаметазон" даарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар”, - деп билдирди Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан бейтаптар Республика боюнча жалпы 8 847учурга жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-zhugup-kalsa-z-aldyncha-darylanuuga-bolbojt



Добавить комментарий