Коронавирус илдети 4,1 миллиондон ашык кишиге жукту

12 май 2020 09:53 862 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдети жер шары боюнча 4 миллион 177 миңден ашык кишиге жукту. Ошол эле маалда оорудан 1 миллион 452 миң 652 киши айыкты. Тилекке каршы 286 миң киши өмүрү менен кош айтышты.

Оору жуккандардын жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. 1 миллион 347 миң 151 кишиге оору жугуп, 80 378 киши каза болду. Андан кийинки орунда Испания, 227 436 кишиге оору жугуп, 26 744 киши о дүйнө салды. Улуу Британияда 224 332 кишиге илдет жугуп, 32 141 киши анын курмандагы болду.

Россия оору жуккандардын саны боюнча төртүнчү орунга чыкты. Учурда 221 344 кишиге илдет жугуп, 2009 киши каза тапты.

Абал Италия, Франция, Германия жана Бразилия, Кытай, Иран, Түркияда оор. Бул мамлекеттерде оору жүз миңден ашык кишиге жуккан.

Ал ортодо окумуштуулар 2020-жылдын аягына чейин адам баласында коронавиуска каршы иммунитет болбой турганын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-41-milliondon-ashyk-kishige-zhuktu



Добавить комментарий