Коронавирус дүйнө жүзү боюнча дээрлик 3 миллион кишиге жукту

27 апрель 2020 09:24 913 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соңку маалымат боюнча коронавирус дүйнө жүзү боюнча 2 миллион 971 миң 240 кишиге жукканы расмий тастыкталды. Оору 206 470 кишинин өмүрүн алды. Анткен менен 833 578 киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Оору жуктургандардын саны жана андан каза болгондор боюнча АКШ биринчи орунда. Учурда оору 965 435 кишиге жукканы расмий ырасталса, 54 856 киши анын курмандыгы болушту.

Экинчи орунда Испания турат. 226 629 кишиге оору жугуп, 23 190 киши анын курмандыгы болду. Алдыңкы үчтүктү Италия толуктайт, 197 675 кишиден оору табылып, 26 644 киши андан каза болду.

Андан сырткары Франф, Улуу Британия, Иран, Түркия, Кытайда абал оор. Бул жакта ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат.

Европа мамлекеттеринин ичинен бир гана Германияда каза болгондордун саны алты миңден аша элек.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-djn-zhz-boyuncha-deerlik-3-million-kishige-zhuktu



Добавить комментарий