Коронавирус 72 мамлекетке жайылды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча коронавирус учурда 72 мамлекетке жайылды. Кытайдан тышкары чет мамлекетте 10 миңден ашык киши аталган дартка кабылган.
Уюмдун кабарлашынча, бир суткада эле каза болгондордун саны 69 кишиге жетип, 1922 кишиге оору жукканы аныкталган.
Ал ортодо коронавирус 3 201 кишинин өмүрүн алып, 92 787 кишиге жуккан. Ошол эле маалда 50 691 киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылган. Азыр Кытайдан тышында оорудан өлгөндөрдүн сап башында Италия (79 киши) турат, андан кийинки орунда Иран (77 киши) болсо, үчүнчү орунда Түштүк Корея (32) турат.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус эпидемиядан пандемияга айланышы ыктымалдыгын айтып, тынчсызданган.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-72-mamleketke-zhajyldy
Добавить комментарий ×