Коронавирус 16 миңден ашык кишинин өмүрүн алды
Бөлүшүү:
Коронавирустан каза болгондордун саны 16 094 кишиге жетти. Ал эми оору 355 469 кишиге жукканы расмий ырасталды. Ошол эле маалда оорудан сакайгандар 97 659 кишини түздү.
Вирустан каза болгондордун саны боюнча Италия (6 077) биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда Кытай (3 277), андан кийинки орунду Испания ээледи.
Ошондой эле, Иранда дагы каза болгондордун саны 1 812 кишиге жетти.
Кыргызстанда болсо акыркы маалыматтар боюнча 16 кишиден коронавирус табылган. Алардан бардыгы Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-16-miden-ashyk-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×