Коронавирус 114 миң кишинин өмүрүн алды
Соңку маалыматтарга ылайык, коронавирус 113 997 кишинин өмүрүн алды.
South China Morning Post басылмасынын жазышынча, вирус 1 миллион 847 миң 778 кишиге жукканы тастыкталган.
Ошол эле маалда оорудан 421 114 киши айыккан.
Коронавирус жуккандар менен андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунга чыкты. Ал жакта 555 398 кишиге коронавирус жукканы аныкталып, андан 22 023 киши каза болду. Андан кийин Испания. Бул мамлекетте 166 127 кишиге оору жугуп, 17 133 киши өмүрү менен кош айтышты. Ал эми Италияда 156 363 кишиге оору жугуп, 19 899 киши өлдү.
Европанын башка мамлекеттеринде дагы абал күндөн күнгө курчуп жатат. Франция, Германия Улуу Британия дагы ооруну жуктургандар менен андан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы ондукка кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-114-mi-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×