Коронавирус 100 миңден ашык кишинин өмүрүн алды
Коронавирус дүйнө боюнча 102 564 кишинин өмүрүн алды. Ал эми вирус 1,7 миллионго жакын кишиге жукту. Ошол эле маалда 376 833 киши оорудан айыккан.
Илдеттин жугушу боюнча АКШ биринчи орунда. Кошмо штаттарда 499 252 кишиге вирус жугуп, 18 637 киши өлгөн. Андан кийинки орунда Испания турат. Бул жакта 158 273 кишини оору чалып, 16 071 киши өмүрү менен кош айтышкан. Үчүнчү орунда Италия турат. Оору 147 577 кишиге жугуп, 18 849 кишинин өмүрүн алды.
Андан сырктары Германия, Франция, Улуу Британия, Иранда абал оор. Бул жакта коронавирус жуккандар менен каза болгондордун саны күн санап өсүп жатат.
Кыргызстанда 298 кишиден коронавирус чыгып, 5 киши каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-100-miden-ashyk-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×