Кишини коркутуп 7000 сомун алып кеткен эргул кармалды
Ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын кызматкерлери тоноого шектүү жаран кармалды. Жакында ушул жылдын февраль айында ички иштер органдарына отуз сегиз жаштагы аял киши кайрылып, ишкерлерге карата коркутуулар болуп жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Арызда 2020-жылдын 10-февраль күнү болжол менен таңкы саат төрттөрдө Ысык-Ата районунда жайгашкан жеке мейманканалардын бириндеги бөлмөгө белгисиз адам кирип, коркутуу жолу менен 7000 сом акча каражатын ээлеп алган.
Жогорудагы фактыда уюшкан кылмыштуу топтордун жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан, шектүү жаранды кармоо боюнча ыкчам иштерди Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын бөлүмү жүргүзө баштаган.
Жакында, ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тоноого шектүүнү кармап, УКЖга киргизди. Кармалган жаран мурда соттолгон Ысык-Ата районунун 1992-жылы туулган О.Х. аттуу болуп чыккан. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен бир айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/korkutuu-zholu-menen-7000-som-akcha-karazhatyn-eelep-algan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×