Коркунуч жараткан астероид 6-июнда Жерге жакындайт

2 июнь 2020 15:01 1160 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коркунуч жараткан 163348 (2002 NN4) аталышындагы астероид ишемби күнү Жер планетасына жакындайт. Бул тууралуу НАСА агенттиги кабарлады. Анын көлөмү 250-570 метрди түзөт. Окумуштуулардын айтуусу боюнча астероид  6-июнь күнү саат 10:20да планетабызга жакындайт, анын ылдамдыгы 11,1км/сек Жерден 5,1 млн км аралыкта өтөт. Астреоид кооптуу болбогону менен анын траекториясы Жердин орбитасы  менен кесилишкени тынчсыздандырууда дешет окумуштуулар.

Эскерте кетсек, бул астероид 2002-жылы табылган. Анын Күндү бир жолу айланышы биздин 300 күнгө барабар.

Ссылка: https://barometr.kg/korkunuch-zharatkan-asteroid-6-iyunda-zherge-zhakyndaj



Добавить комментарий