Кореянын Кыргызстандагы элчиси медициналык каражаттарды берди

17 сентябрь 2020 11:33 1011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Те Йок менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Элчи мырза шаардыктарга колдоо көрсөттүү максатында 500 медициналык маска, 20 коргоочу костюм, 20 желим коргоочу маска, 2 кычкылтек концентраторун берди.

Мозгачева Корея Республикасынын өкмөтүнө пандемия мезгилинде жардам бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

"Сиз көрсөткөн гуманитардык жардам биздин жарандардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп ишенем" деди вице-мэр.

Эске салсак, буга чейин, 4-сентябрда  Гуми шаарынан (Түштүк Корея, Кёнсанбук-до провинциясы) келген COVID-19 менен күрөшүү үчүн 20 миң AirQueen KF80 маскасы, 10 миң тиш маскасы салынган медициналык буюмдарды Кыргызстанга берип жиберген.

Ссылка: https://barometr.kg/koreyanyn-kyrgyzstandagy-elchisi-medicinalyk-karazhattardy-berdi



Добавить комментарий