“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери жол кырсыктары 44 пайыз төмөндөдү

5 апрель 2019 14:29 1327 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери жол транспорт кырсыгынан жабыркагандардын саны өткөн жылга салыштырганда 44,4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашгар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча маселе каралып жатканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, министрдин билдиришинче жол кыймылынынын эрежесин бузуу 37,5 пайызга кыскарып, 38 миң 385 протокол түзүлгөн.

40 миң 586 жол эрежесин бузуу катталса, алардын  ичинен 15 миң 411 айып пул 15 күндүн аралыгында төлөнүп жалпы суммасы 20 млн 202 миң сомду түзгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolbooru-ishke-kirgenden-beri-zhol-kyrsyktary-44-pajyz-tmndd



Добавить комментарий