“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер кайра жарыяланмай болду

25 август 2018 04:35 1319 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер кайра жарыяланат. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар комитетинен билдиришти.  

Маалым болгондой,  кечээки аукциондо жеңүүчү аныкталган жок. Андыктан, сынак кайрадан жарыяланып, өткөрүлөт. Бирок качан жарыяланары азырынча белгисиз. Кечээ «Коопсуз шаар» долбоору боюнча аукциондо онлайн система бузулуп, тендер үзгүлтүккө учураган. Андыктан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аукцион өткөн жок деп табылды. 

Белгилеп кетсек, добоордун алкагында видео-байкоо камераларын орнотуучу компания кечээ аныкталмак.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolbooru-boyuncha-tender-kajra-zharyyalanmaj-boldu



Добавить комментарий