"Коопсуз шаар" долбоору 7 эреже бузууну көзөмөлдөйт, алар кайсылар?

7 февраль 2019 09:42 2090 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

140 жылдык тарыхы бар Бишкек шаарында жагымдуу жаңылык. «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта ишке кире баштайт. Бул тууралуу маалыматтык технология жана байланыш комитети жарыялады. Камералар азырынча жолдогу жети эреже бузуулган учурду каттай алат:

-Жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетүү

-Каршы тилкеге өтүп кетүү

-Автоунааны тротуар, газон, велосипед жолу менен айдап өтүү

-Жол чырактын тыюу салган белгисине карабай, стоп-линияны кесип өтүү

-Жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй коюу

-Белгиленген ылдамдыктан ашып кетүү

-Аялдама жана унаа токтотуу жайлары жөнүндөгү талаптарды аткарбай коюу.

Тартип бузуулар программалык комплекстердин жардамы менен жөнгө салынып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда иштелип чыгат. 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тесттик түрдө иштеп баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулат. Мындан тышкары жол белгилерин жаңылоо иштери да жүрүүдө.

Долбоор төрт фазадан турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 миллиард сом менен башталган. Ал эми уткан компания аны 2 миллиард 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон. Бул каражатты «Вега» компаниясы чыгарып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolbooru-7-erezhe-buzuunu-kzmldj-bashtajt



Добавить комментарий